Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

БШК шайлоочулардын кошумча тизмесин түзүү тууралуу токтом кабыл алды


БИШКЕК. 2-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоочулардын кошумча тизмесин түзүү тууралуу” токтом кабыл алды. Токтомго ылайык негизги тизмеге кирбей калган шайлоочу паспортун же 2004-жылдагы пластикалык күбөлүгүн жана Ички иштер министрлиги тарабынан берилген №9-формадагы жашаган жери көрсөтүлгөн справканы көрсөтүү аркылуу кошумча тизмеге киргизилет. Ошондой эле БШКнын ушул күнкү отурумунда президенттикке талапкер Жыпар Жекшеевдин ишенимдүү адамдары каттоодон өттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG