Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Тажикстанда кармалып турган Кыргызстандык үч чек арачы кайтарылды


БАТКЕН. 6-июнь күнү кыргыз-тажик чек арасынан кармалып кеткен Кыргызстандык үч чек арачы 26-күн дегенде Баткендеги чек ара бөлүгүнө кайтарып алынып келинген. Баткен чек ара бөлүгүнүн командири Чолпон Буржуевдин “Азаттыкка” 2-июль күнү билдиргенине караганда, Кожент шаарында кармалып турган үч чек арачы 1- июль күнү кечинде Баткендеги аскер бөлүгүнө алынып келинген. Бирок барымтадан келген чек арачылар менен маектешүүгө аскер бөлүгүнүн башчысы азырынча уруксат бере албастыгын билдирди.

6-июнда чек ара аймагында кыргыз чек арачылары менен тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып, чек арачылар эскертүү иретинде асманга аткан ок бир тажик жаранына жаңылып, ал көз жумган. Бул окуядан соң Тажикстандын Чорку айылынын тургундары үч чек арачыны кармап кетишип, андан ары Тажикстандын тартип коргоо кызматкерлери аларды Согду облусунун борборуна алып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG