Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

ЕККУ жыйынында Кыргызстандагы абал талкууланды


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Вашингтондо 1-июлда башталган парламенттер аралык ассамблеясынын 14-сессиясында Кыргызстанга байланыштуу маселелер да талкууланып атат. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана ЕККУнун жетекчилери сүйлөгөн сөздөрүндө Кыргызстандагы 24-марттагы ыңкылапка, андан кийинки түзүлгөн кырдаалга, Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга качып келүүгө мажбур болгон качкындар маселеси тууралуу маселелерди козгошту. Бул жөнүндө 2-июлда «Азаттыкка» ЕККУнун парламенттер аралык Ассамблеясынын сессиясына катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов билдирди. Анын айтымында, сессияда 10-июлдагы президенттик шайлоо жөнүндө да сөз болуп жатат:

- Эгерде Кыргызстандагы президенттик шайлоо ЕККУнун стандарттарына ылайык, демократиялык принциптердин негизинде өткөрүлсө, ЕККУ тарабынан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт деп айтылды жыйында. Кыргызстандагы президенттик шайлоонун ачык, акыйкат өткөрүлүшү керек деген пикирлер көпчүлүк сүйлөгөңдөр тарабынан айтылды.

3-июлда пардаменттер аралык Ассамблеянын сессиясында адам укуктары, терроризмге каршы күрөшүү, коопсуздук, демократиялык шайлоолор боюнча маселелер талкууланат.

XS
SM
MD
LG