ЖАЛАЛАБАТ. Облустагы район, шаардык, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына 485 миң 171 даана шайлоо бюллетендери жөнөтүлдү. Шайлоо участкалары шайлоо өткөрүүгө ыңгайлуу имараттар, байланыш каражаттары, бармакка белги коюучу жабдуулар менен толук камсыз болду. Облуста 482 миң 757 шайлоочу бар экендиги аныкталды. Мындай маалымат облустук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымовдон алынды. Анын ырастаганына караганда, жайлоодо жүргөн шайлоочуларды унаа каражаттары менен камсыз кылып, шайлоого катыштыруу маселеси облустагы жергиликтүү бийликтерге жүктөлдү. Облустук бийликтин маалыматына караганда, облустун 10 миңден ашуун шайлоочусу учурда жайлоого чыгып кетишкен. Аларды шайлоо участкаларына ташууга өкмөттөн каражат суралган. Селектордук жыйында вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жайлоодогулардын добуш берүүсү үчүн облуска каражат ажыратылаарын билдирген.