Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:06

Бакиевдин штабы БШКга кат жолдоду


БИШКЕК. Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин ишенимдүү өкүлү Табалды Орозалиев Борбордук шайлоо комиссиясына ачык кат менен кайрылды. Анда белгисиз бирөөлөр тарабынан шайлоочуларга Курманбек Бакиевдин абройуна шек келтире турган “Биз Бакиевди тандап алдык, башка талапкерлердин үгүтчүлөрү тынчыбызды албасын” деген баракчалар таратылып аткандыгы жазылган. Табалды Орозалиевдин айтымында, БШКга бул кат арыз түрүндө эмес, эскертүү катары, тескери үгүт аракеттеринин республиканын аймактарына тарашына жол берилбеши үчүн жазылды. Ал эми Социал- демократиялык партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев “Азаттык” радиосуна берген маегинде учурда жер- жерлерде Курманбек Бакиев жөнүндө туура эмес маалымат таратылып, шайлоону үзгүлтүккө учураткысы келген күчтөр иштеп атат деген оюн билдирди. Ал эми Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев андай баракчалар эки гана жолу табылгандыктан тынчсызданууга негиз жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG