Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

29 өзбек бозгуну менен суроо-жооп иштери аяктады


БИШКЕК. Ош шаарындагы тергөө изоляторунда кармалып турган өзбекстандык 29 адам менен суроо-жооп иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу 4-июлда Бишкекте берген маалымат жыйынында баш паанек издеп келгендер менен иштешип жаткан «Адилет» коомдук уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди. Анын айтымында, эми тараптар өзбекстандыктарга байланышкан документтер, алардын ичинде Өзбекстан прокуратурасы койгон айып менен таанышат. Алардын негизинде миграция кызматы өз баасын бериши керек.

Жакупованын айтымында, Өзбекстандын прокуратурасынын аныктамасына караганда, 29 адамдын бирөө гана соттолгон. Үчөө киши өлтүрүү фактысы, калгандары терроризм, Конституциялык түзүлүшкө кол салуу, диний-экстремисттик топторду түзүү же ага катышуу, түрмөдөн качуу, кылмыштык топторду түзүү өңдүү айыптар боюнча суралып, тергелип жаткандар экен. СИЗОдо отурган адамдарга байланышкан маселени Башкы прокуратура бир айга чейин бир ыктай чечиши керек. 29 адамдын алгачкы тобу Ош СИЗОсуна 9-июнда алынып келинген.

XS
SM
MD
LG