Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Спорт: Пакистандан кыргызстандыктар жеңиш менен кайтышты


БИШКЕК. 5-июлда Пакистанда өткөн бокс боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандык жаштар жеңиш менен кайтып келишти. Жеңил салмакта оштук спорт чебери Акмат Мадалинов ирандык, кытайлык жана өзбекстандык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн таймашта казакстандык уланга упай менен утулуп, Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. 51 кг салмактагы күч сынашууда кочкорлук Сапарбек уулу Тилек пакистандык Билал Гназды жана жапандык Кейши Такакени утуп, жарым финалда тайланддык атаандашына алдырып койду. Ошондой болсо да Тилек коло медаль тагынды. Ал эми 75 кг салмакта токмоктук спорт чебери Чыңгыз Борбашев да Азия чемпионатынын коло байгесине татыктуу болду.

XS
SM
MD
LG