Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш план иштелди


БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын президенттинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жардыкка кол койду. Жардыкка ылайык Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштелип чыккан мамлекеттик стратегиянын план, программасы бекитилди. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай план өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, эл аралык эксперттер жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан иштелип чыкты. Ал эми программаны турмушка ашыруу мамлекеттик коопсуздук кеңеш катчылыгына тапшырылды.

XS
SM
MD
LG