БИШКЕК. 10-июлда өтүүчү президенттик шайлоонун үзгүлтүккө учуроо коркунучу бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Жогорку Кеңеш төрагасы өзүнүн жогорудагыдай пикирин Баш мыйзамдагы шайлоого өлкөдөгү бардык шайлоочулардын элүү пайыздан көбү катышса гана шайлоо өткөрүлдү деп саналат деген эрежеге байланыштырып түшүндүрдү. Текебаевдин пикиринде, парламенттик шайлоодо республика боюнча шайлоочулардын 60 пайызы, ал эми шаар жеринде болсо жыйырма пайызы гана катышкан. «Ошондуктан жайкы эс алуу мезгилинде шайлоочулар добуш берүүгө келбей коюшса, шайлоо үзгүлтүккө учурайт» дейт Өмүрбек Текебаев. Шайлоо кодексине ылайык эгерде шайлоонун биринчи айлампасы үзгүлтүккө учураса, биринчи айлампада президенттикке ат салышкан атуулдар кайрадан шайлоого катыша алышпайт.