Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Бейөкмөт уюмдар Кеминдеги кырдаалга тынчсызданууда


БИШКЕК. Экс-президентин кичи мекени Кеминде үчүнчү күчтөр шайлоону болтурбоо аракеттерин жасап жатышат. Мындай билдирүүнү Чүй дубанындагы кайрымдуу күчтөрдүн кошууну жасады. Уюмдун лидери Вера Таранникова билдиргенге караганда, Аскар Акаевдин командасында иштеген саясатчылар жана жакындары 24-марттан бери калк арасында тескери үгүт жүргүзүүнү улантышууда. Анын айтымында, мисалы, азыркы убактылуу бийликке баш ийбөө чакырыгын камтыган билдирүү таратылган. “Ал эми кайсы бир күчтөр Айдар Акаевдин атынан айыл өкмөттөрүнө каражат бөлүп берип жатат” дейт Вера Таранникова. Улгайган адамдар биримдигинин жетекчи орун басары Виктор Самохвалов билдиргенге караганда, айрым саясий күчтөр Чүй дубанында жана башкалаада шайлоодо бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө жашыруун үгүт жүргүзүшүүдө. БШКнын маалымат кызматы билдиргенге караганда, бул багытта комиссияга арыз түшө элек.

XS
SM
MD
LG