Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

ШКУнун мамлекет башчыларынын жыйыны аяктады


БИШКЕК. АКШ баш болгон эл аралык антитеррордук коалицияга кирген өлкөлөр Ооганстандагы аскерий операциялардын активдүү бөлүгүнүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, ШКУ кирген өлкөлөргө буга чейин жайгаштырылган аскерлерин алып чыгып кетүүсүнүн мөөнөтүн так көрсөтүүсү зарыл. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 5-июлда Астана шаарында өткөрүлгөн отурумунда кабыл алынган декларациясында өзүнчө пункт болуп жазылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» жыйынга катышкан кабарчысы Айданбек Акмат уулу маалымдады. ШКУнун мамлекет башчыларынын отуруму ушул эле күнү аяктады. Анда эл аралык терроризмге, экстремизмге жана банги заттарды ташууга каршы биргелешип күрөшүү боюнча декларация жана аталган уюмдун аймактык антитеррордук структурасынын ишмердүүлүгү боюча жобо, ошондой эле мамлекет башчылардын биргелешкен декларациясы кабыл алынды. ШКУга Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрү мүчө.

XS
SM
MD
LG