Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:03

Э.Пак аманатчылардын акчасын кайтармак болууда


БИШКЕК. 2003- жылы кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн “Рентон групп” компаниясынын президенти Эдуард Пак Казакстандан табылып, Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылгандан кийин анын кайда экени белгилүү болуп, суракка келүүгө макул болгон. Эдуард Пак башкарган “Рентон групп” компаниясы 1999-жылдан баштап вексел жана облигацияларды берүү менен элден каражаттарды топтой баштаган. Ички иштер министрлигинин эсеби боюнча, компания 2300дөй аманатчыны 200 миллионго чукул сомго күйгүзгөн. Компаниянын жетекчилиги каякта экени таптакыр белгисиз болгондуктан кылмыш иши 2004-жылы 26- мартта токтотулган. Эдуард Пак сурак учурунда компаниянын ишканаларын жандандырып, аманатчылардын акчасын четинен кайтарып берүүнү убада кылган. Башкы прокуратуранын макулдугу менен Эдуард Пактын жаза чарасы өлкөдөн эч жакка чыкпоо кепилдиги менен алмаштырылды.

XS
SM
MD
LG