АКШ президенти Жорж Буштун саммитти утурлай жасаган билдирүүсүнө караганда, Вашингтон жыйындын күн тартибиндеги маселердин бири - глобалдык климаттын өзгөрүүсү боюнча кандайдыр бир жаңы макуладашууларга барбайт. Британ телеканалына берген маегинде, Жорж Буш климаттын өзгөрүүсүн олуттуу проблема катары баалап, бирок АКШ өлкө экономикасы сокку уруучу –Киото пртоколу сыяктуу документке кол койбоосун белгиледи:
- Менин ишенимимде, климаттын өзгөрүүсү узак убакыттын маанилүү маселеси. Биз жана менин өкмөтүм мунун үстүндө иштеп жатабыз.
Абага өндүрүштөн булганыч газдардын бөлүнүп чыгуусун кыскартууну караган Киото пртоколун “Чоң Сегиздиктин” АКШдан башка калган мүчөлөрү ратификациялаган. Мунун аралыгында бүгүн Шотландиянын баш кааласы Эдинбургдун саммит өтүүчү “Глениглс” меймаканасына жакын жерде демонстранттар менен антиглобалисттер кагылышып, 20дай полицей жаракат алды. Демостранттар саммитте башка маселелер менен климаттын өзгөрүүсү боюнча да билдирүү кабыл алынышы керек деп эсептешет.