Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:07

Ошто ички миграциянын кесепетинен улам көптөгөн шайлоочулар добуш бере албай калышы мүмкүн


ОШ. 6-июль күнү маалымат жыйынында Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов айылдарда каттоодо турган, бирок ички миграциянын айынан Ош, Жалалабат, Бишкек шаарларына убактылуу иштөө үчүн кетишкен көптөгөн шайлоочулар шартка жараша 10-июль күнү президенттик шайлоодо өз добуштарын бере алышпай калышы мүмкүн экендигин билдирди. Мындан сырткары Амат Маматоморов облустун аймагында учурда жашап жаткан 525 миң 156 шайлоочунун тизмеси такталгандыгын белгиледи. Облустук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, учурда 421 шайлоо участкасында тиешелүү шарттар түзүлүп, шайлоо күнүнө карата толук даярдалган. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Маматоморов жайлоолордогу шайлоочулардын добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн дагы тиешелүү шарттар түзүлүп жаткандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG