БИШКЕК. 5-июлда саат 10дон өткөндө Балыкчы шаардык администрациясынын жанына 25ке чукул адам чогулушкан. Алар Өрнөк айылына караштуу “Ынтымак” кооперативнин мурдакы кызматкерлерине карата Балыкчы шаардык сотунун 1-июлдагы чечимине каршы экендиктерин билдиришкен. Аларга Балыкчы шаарынын жетекчилиги, райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдын чегинде жогорку сот инстанцияларына кайрылуусун өтүнгөн. Бирок администрациянын мындай аракеттерине макул болбогон кылмыш жообуна тартылган 4 адамдын жакындары саат 12.30да Ысыккөл районуна караштуу Өрнөк айылынын тушунда Каракол-Бишкек кан жолуна боз үй тигип, автожолдуу тосмолго алышкан. Ысыккөл облусутук жана райондук жетекчилери, Облустук коопсуздук кызматынын жана ички иштер башкармалыгынын жетекчилери нааразылык акциясына чыгышкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, авто жолду бошотууну өтүнүшкөн. Нааразылык билдиргендер камакта жаткан жакындарын бошотууну талап кылышкан. Кечки саат алты жарымда Ысыккөл райондук жана Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери күч менен авто жолду бошотушуп, боз үйдү чечишкен. Жыйынтыгында 22 адам Ысыккөл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, 6 адам убактылуу кармоочу жайга кармалган. Автожол тосмосуна кабылышкан 17 айдоочунун арызынын негизинде Кылмыш кодексинин 234-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу Ички иштер министирлиги мыйзамсыз акцияларды жана нааразылыктарды уюштуруучуларга мыйзамдын чегинде катуу чара көрүлөөрүн билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан 6-июлда маалымдашты.
Ушул эле күну Ысыккөл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Имангазиев 5-июлда бейбаштык кылгандыгы үчүн убактылуу жайга кармалган Өрнөк айлынын алты тургунун үчөө жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып бошотулганын, калган үчөө 7-июлда бошотулаарын “Азаттыктын” Чолпонатадагы кабарчысына билдирди.
Ушул эле күну Ысыккөл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Имангазиев 5-июлда бейбаштык кылгандыгы үчүн убактылуу жайга кармалган Өрнөк айлынын алты тургунун үчөө жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып бошотулганын, калган үчөө 7-июлда бошотулаарын “Азаттыктын” Чолпонатадагы кабарчысына билдирди.