Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Турак жай маселесинин чечилиши инвестицияларга байланыштуу


БИШКЕК. «Турак-жай -2010» коомдук фонду, турак-жай куруучулардын Координациялык кеңеши, «МАЭК», «Еврострой сервис», «Желден» турак-жай куруу комбинаттары президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери кыска мөөнөттө парламенттин кезексиз сессиясынын чакырылышын жана анда Кыргызстанда турак-жай куруу иштерин активдештирүү, бул тармакка түз инвестицияларды тартуу боюнча Салык, Бажы жана Жер Кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү маселесинин каралышын өтүнүшкөн. Кайрылууда ошондой эле Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдү куруп, калкты арзан баадагы турак-жай менен камсыз кылуу максатын көздөгөн курулуш компанияларга, инвесторлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү, курулуш материалдарына 20 пайыздык кошумча нарк салыгын, бажы салыктарын алып салуу өтүнүчү айтылган. Бүгүнкү күндө Бишкектин чет жакаларынан турак-жай куруу үчүн жер участкаларына муктаж 75 миңге жакын адамдын ичинен 5 миңине гана жер бөлүндү.

XS
SM
MD
LG