Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Бир катар белгилүү саясатчылар элге кайрылды


БИШКЕК. 6-июлда Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков, Башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана башка бир катар саясатчылар Кыргызстан элине кайрылуу жолдошту. Анда “Акаевдин режиминин тушунда тамыр жайып кеткен ар кандай түрдөгү кылмышкерлер бийликти оңой эле бошотуп бергиси келбей, жаңы бийликтин чечимдерин үзгүлтүккө учуратуу, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу, бейпилдикти бузуу жолуна түшкөндүгү айтылат. Бир максатты көздөгөн саясатчылардын бирдиктүү тобу ар кандай чагымчылардын Кыргызстандын тынчтыгын бузганга жол бербей өлкөнүн бейпилдиги, элдин эркиндигинин жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлөөрү баса белгиленген. Ошондой эле кайрылууда өлкө атуулдарын президенттик шайлоого жапа тырмак катышууга, мурдакы бийликтин кайтып келишин самаган ар кандай күчтөргө каршы турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG