Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, 5-июлда Казакстанда кармалган өзбекстандык адам укуктарын коргоочу делген Лютфулло Шамсуддинов чындыгында террорчу жана Өзбекстанда мурда - эл арасында дүрбөлөң баштоого багытталган маалымат тараткан. Өзбек бийлигинин айтымында, Шамсуддинов - 13-май күнү Анжиянда болгон окуяларга катышкан. Шамсуддиновдун кармалганы тууралуу Бириккен Улуттардын Качкындар боюнча комиссариаты кечээ күнү өзүнүн терең тынчсызданганын билдирди.