Ирактын коргоо министри Саадун ал-Далими Тегеранга келип, бүгүн Ирандын коргоо министри Али Шамхани менен жолукту. Ирандын "Хабар" агенттиги билдиргенге караганда, Шамкани - эскини унутуп, эки өлкө ортосундагы кызматташунун жаңы доорун ачуу керек деп билдирди. 1980-1988-жылдарда эки өлкө ортосунда кандуу согуш болгон жана ал Бириккен Улуттардын кийлигишүүсү менен гана токтогон.