"Нью-Йорк таймс" гезитинин кабарчысы Жудит Миллер кечээ күнү камакка алынды, анткени ал - өзүнүн бар макаласына өкмөт тараптан ким маалымат бергенин сотко айтуудан баш тартты. 2003-жылы Миллер Борбордук чалгындоо агенттигинин жашыруун кызматкери Валерие Плейм тууралуу жазган, бирок ал жөнүндө маалыматты кайдан алганын ачыкка чыгарбай жатат. Маселени азыр атайын жюри иликтөөдө, анын иши октябрда гана бүтөт, ага чейин Миллер өз булагын атаса, сотко чейин бошотулушу мүмкүн.
Вена шаарында жайгашкан Эл аралык пресса институтунун кызматкери Дэйвид Дэдж амерткалык бийликти сынга алды:
- Сөз эркиндиги бар өлкөдө журналист өз иши үчүн камакка алынып жатканы - андай эркиндикти таптакыр тааныбаган мамлекеттердин жетекчилеринин аракеттерин акташы мүмкүн. Андай мамлекеттер эми бул мисалды өз маалымат каражаттарын куугунтуктоого үлгү катары пайдаланышы мүмкүн деп мен өтө тынчсыздануудамын.