"Рейтер" жана "Ассошиейтед пресс" агенттиктери Талибан кыймылынын басма сөз катчысы Абдул Латиф Хакимиге шилтеме кылып кабарлаганга караганда, бир америкалык аскер өткөн аптадан бери Ооганстанда туткунда кармалууда жана талибдер аны өлтүрөбүз деп коркутууда. Өлкөдөгү америкалык аскерлердин жетекчилигинин айтымында, Кунар провинциясында 28-июнда чындап эле жогорку даярдыктагы төрт аскер жоголуп кеткен, дүйшөмбү күнү алардын экөөнүн денеси табылган, андан соң бирөө куткарылган, төртүнчү аскер болсо туткунга түшкөнү тууралуу маалымат жок.