Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү билдирүү таратты


ОШ. Анда президенттин өкүлү Алмамбет Матубраимов Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков анын беделине шек келтире турган маалыматтарды таркатып жаткандыгын айтуу менен жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине кийлигишпегендигин, кадр саясатында тиешелүү кызматтар менен макулдашуулардын алкагында гана өз бийлик укугунун чегинде иш алып барып жаткандыгын билдирди. Алмамбет Матубраимовдун пикиринде, губернатордун милдетин аткаруучу Артыковдун аны айыптаган билдирүүсү саясий оюндун алкагында беделге шек келтирүү максатында жасалган чагым. Матубраимов Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги менен болгон пикир келишпестикти алардын ишин сынга алып койгондугунун жообу катары баалап, саясат оюндарына катышууну туура көрбөй тургандыгын белгиледи.

5-июль күнкү маалымат жыйынында Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлүнүн ишин сындаган эле.

XS
SM
MD
LG