Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

ООГАНСТАНДА АСКЕРИЙ КЫЛМЫШТАР БОЮНЧА СОТ ТҮЗҮҮ СУНУШУ АЙТЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм Ооганстан боюнча жаңы отчет жарыялады жана ооган жетекчилигине кайрылып, колу канга боелгон жетекчилерди соттоону сунуш кылды.

7-июлда жарыяланган отчет 133 беттен турат жана анда - жазаланууга тийиш деп ооган жетекчилигинде азыр бир топ жогорку кызматтарда иштеген адамдар аталат. Алардын негизгилери - өлкөнүн вице-президенти Карим Халили, президент Хамид Карзайдын кеңешчиси Абдул Расул Сайяф, коргоо министрлигинин аскерий ордосунун башчысы генерал Абдул Рашид Достум, андан тышкары мурдагы коргоо министри Мохамед Касим Фахим, Исламдык партиянын жетекчиси Гүлбеддин Хекматиар жана башкалар.

Отчетту даярдоодо Ооганстандын карапайым тургундары, өкмөт мүчөлөрү, ар башка күбөлөр жана согушкерлер менен бир жүз элүүдөн ашык интервью жасалган. Андан тышкары, Ооганстандын өзүнүн Адам укуктар боюнча комиссиясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын январында жарыяланган маалыматтар да пайдаланылган.

Уюмдун Азия боюнча бөлүгүнүн аткаруучу деректири Брэд Адамстын айтымында, отчетто аталгандар негизинен 1990-жылдардын башында болгон баш-аламандык учурунда кылмыш жасаган:

- Биз иликтеген мезгил - советтик аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки учур, ал жылдары көптөгөн ар башка күчтөр Кабулдагы бийлик үчүн күрөшкөн, душман тарапты колдогон карапайым калкка каршы да чабуулдар жасалган, алар барымтага алынып, өлтүрүлүп, зордукталган. Биздин отчеттун негизги максаты - согуш болуп жатса дагы, хаос учурунда дагы мыйзам бузгандар жазаланууга тийиш экендигин көрсөтүү.

Президент Хамид Карзайдын өкмөтү болсо андай кылмыштарга мурда барган жетекчилер менен жарашуу саясатын жүргүзүүдө. Аларга жана Талибан кыймылынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнө мунапыс да берилди. Президенттин кеңешчиси Рангин Дадфар Сепантанын айтымында, кылмыш жасагандар жазаланууга тийиш, бирок бул маселеде азырынча шашпаш керек:

- Биз үчүн адилеттүүлүк орнотуу жана улуттук жарашуу жараянын жүргүзүү, ким кандай кылмыш жасагыны менен адам укуктары ушунчалык кеңири бузулганы эмне себептен болгонун аныктоо өтө маанилүү, ал үчүн биз Түштүк Африка, Мексика, Чыгыш Тимордун мисалдарын алып, алардын комиссияларынын тажрыйбасын пайдаланууга аракеттенүүдөбүз. Бирок азыркы учурда Ооганстанда - жаңы орногон тынчтыкты бузбоо өтө маанилүү. 'Хюман райтс вотч' уюмунун отчетун мен кабыл алам, адилеттүүлүгү жок тынчтык да болбойт, бирок биздин өлкөдө улуттук жарашуу ишин жүргүзүү үчүн азыр биздин саясат мунапыска негизделүүгө тийиш.

Брэд Адамстын пикиринде болсо, кандуу окуялар боюнча азыр чара көрүлбөсө, кеч болуп кетиши мүмкүн:

- Алар кандайдыр бир аракет көрүүгө тийиш, антпегенде элдин ишеними жоголот. Экинчиден, коомдук пикир күчтүү болуп, кандайдыр бир иликтөөлөр жүрүп жаткандыктан, андай кандуу окуяларга катышкандар азырынча тынч отурганы менен, мезгил өткөн сайын андай коомдук пикир жумшара баштайт жана маселе - эл аралык коомчулук андай бомбаны ооган коомунда калтырууну каалаган же каалабаганында. Эртеби-кечпи, андай адамдар кайрадан бийлик үчүн күрөш баштап, душмандарын жок кылууга аракеттениши мүмкүн, антпей тургандай эч орчундуу себеп жок, алар азыр деле адам укуктарын кеңири бузуп жатат.

Анын айтымында, ооган жетекчилиги аскерий кылмыштар боюнча сот түзүүгө тийиш, анткени азыртан чечкиндүү чара көрүлбөсө, келечекте адилетүү мамлекет куруу кыйын болот.

XS
SM
MD
LG