Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

2012-жылдагы Олимпиада программасынан спорттун эки түрү чыгарылды


Эл аралык Олимпия комитети бүгүн Сингапурдагы жыйынында бейсбол менен софтболду 2012- жылкы Олимпиада программасынан алып салуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ошентип, Лондондогу Олимпиада спорттун 28 эмес, 26 түрү боюнча гана өткөрүлүшү мүмкүн. Себеби Олимпия комитети бүгүнкү жыйынында чыгарылган эки оюнду гольф, регби, сквош, карате же ролик менен байланышкан оюндарга алмаштыруу жөнүндөгү сунушту да колдогон жок. Эл аралык Олимпия комитети спорттун кайсыл бир түрүн программадан чыгаруу жөнүндөгү чечимге соңку жетимиш жылга жакын убакыттан бери биринчи жолу барып олтурат. Анын бүгүнкү чечими бейсбол, софтбол боюнча эл аралык ассоцияциялардын нааразылыгын жаратты.

Эл аралык акыркы кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG