Бул тууралуу Лондондо бейшембиде орун алган жардыруулардан соң айтылды. Уюмдун аткаруучу органы – Еврокомиссиянын юстиция жана коопсуздук боюнча комиссары Франко Фратининин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн Европанын компьютерлештирлген чалгын түйүнүн түзүү ишин тездетүүнү келерки аптада суранмакчы. Бүгүн италиялык гезиттердин биринде жарыяланган маегинде, Фратини бул иш улуттук чалгын кызматтары өз булактары жана ыкмалары менен бөлүшүүгө ынтызар болбогонунан улам алдыга жылбай келгенин белгилеген.