Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Үгүт иштери токтоду


БИШКЕК. 9-июлда таңкы саат 7де президенттик шайлоонун үгүт иштери токтотулду. Шайлоо Кодексине парламент тарабынан киргизилген өзгөртүүгө ылайык, президенттик шайлоодо добуш берүү эртең мененки саат жетиде башталып, кечки саат тогузда аяктайт. Ал эми мурдагы шайлоолор күз жана кыш мезгилинде өткөрүлгөндүктөн, добуш берүү эрте мененки саат 8ден кечки 8ге чейин жүргүзүлчү. Борбордук шайлоо комиссиясынан 9-июлда маалымдашкандай, Кыргызстан боюнча бардык шайлоо участкаларына бюллетендер жеткирилди. Өлкө боюнча 2182 шайлоо участкалары иштейт. Ал эми Кыргызстандын аймагынан тышкары жерлерде 40 шайлоо учаскасы иштейт. Бул ирет да, добуш берүүнүн жүрүшүндө баш бармакка белги койуу ыкмасы колдонулат. Мындай ыкма шайлоону ачык, бурмалоолорсуз өткөрүү максаты менен киргизилген.

XS
SM
MD
LG