ЖАЛАЛАБАТ. Жай саратаны менен күндүн ысыктыгы Жалалабаттык шайлоочулардын активдүүлүгүн басаңдаткан жок. Саат төрткө чейинки облустагы 475 миң 100 шайлоочунун 56,8 пайызы же шайлоо участокторунда 266 миң 434 адам добуш беришти. Мындай маалымат облустук шайлоо комиссиясынан алынды. Облустук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, шайлоочулардын активдүүлүгү 61 пайыз адам добуш берген Токтогул району менен 60,78 пайыз адам шайлоого катышкан Жалалабат шаарында байкалды жана мыйзам бузуулар катталган жок. Ал эми облустагы адам укугун коргоочу “Адилеттүүлүк” уюмунун Базаркоргон районундагы өкүлү Азимжан Аскаровдун билдирүүсүнө караганда, № 131-Хамза участогунда адамдар автоунаалар менен ташылган. Президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулунун байкоочулары коркутуп, үркүтүүлөр болуп жаткандыгына даттанышкан. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустагы байкоочулары шайлоо участкаларында адам ташуулар, бармакка белги коюуну пайдаланбоо, кайталап добуш берүү жана түрдүү документтер менен бюллетень таркатылганын жана шайлоо башталаарда шайлоо участкаларында чүчүкулак кармоо иши болбогонун катташкан.