Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Добуш берүүнүн жүрүшү боюнча түрдүү пикирлер айтылууда


БИШКЕК. Президенттикке талапкерлер Жыпар Жекшеев менен Кеңешбек Дүйшөбаевдин добуш берүүнүн жүрүшүндө аткаруу бийлиги тарабынан шайлоочуларды топ-тобу менен ташып, аларга уюшкандык менен тамак-аш бердирди деген маалыматы чындыктан алыс жана жалган жалаа. Мындай пикирин «Азаттыктын» кабарчысына президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин штабынын координатору Руслан Тойчубеков билдирди. Ошондой эле ал эл арасында мындай көрүнүштөр тескерисинче президенттикке талапкерлер Жыпар Жекшеев менен Кеңешбек Дүйшөбаевдин өздөрү тарабынан азыркы бийликти коомчулукка жаман көрсөтүү максатында уюштуруп жаткандыгы айтылып жаткандыгын белгилеп, мындай көрүнүштөр териштирилип жаткандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG