Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Айрым талапкерлер мыйзам бузуулар тууралуу билдиришти


БИШКЕК. Президенттикке талапкерлер Жыпар Жекшеев, Токтайым Үмөталиева жана Акбараалы Айтикеевдин байкоочуларынан түшкөн маалыматтарга караганда, Курманбек Бакиевдин штабы шайлоо участкаларына автобустар менен эл ташып келүүдө. Акбараалы Айтикеевдин айтымында, айрым мамлекеттик чиновниктер өзүн ушул бийликте сактап калыш үчүн жанталашып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып калышы ыктымал. Жыпар Жекшеев билдиргенге караганда, айрым участкаларда бекер тамак берүү фактылары бар. Бул маалымат боюнча БШКга кайрылганыбызда андай фактылар катталган жок деп билдиришти. Ал эми Курманбек Бакиевдин штабынын өкүлү Алыбек Акунов бул далили жок дооматтар деп билдирди. Анын айтымында, штаб тарабынан киши ташып келүүлөр жана тамак- аш уюштурулган жок. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов жергиликтүү бийликтер транспорттук мекемелер менен келишим түзүп, шайлоочулардын келишин камсыз кылыш үчүн эл ташытып атканын айтты. Эдил Байсаловдун пикиринде, Шайлоо кодекси талапкерлерге эл ташууга жол бербейт, ал эми жергиликтүү бийликке шайлоочуларды транспорт менен камсыз кылууга уруксат.

XS
SM
MD
LG