Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Тартип коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштешти


БИШКЕК. Президентти шайлоо күнү тартип коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу Ички иштер минитсринин орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирди. Анын айтымында, добуш берүү күнү республиканын булуң- бурчунда кырдаал тынч жана эч кандай контрреволюциячыл аракеттер байкалган жок. Өмүрбек Суваналиев билдиргенге караганда, тартип коргоо органдары бардык шайлоо участкаларын көзөмөлгө алып, чоң базарларда, эл көп топтошкон жерлерде, стратегиялык объектилерде күзөттү катуулатып, көчөлөрдө патрулдук топтор иштеп жатат. Республика аймагында шайлоо күнү коомдук тартипти бузуулар жана чыр-чатактар болгон жок.

XS
SM
MD
LG