Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар добуш беришти


БИШКЕК. Орусиядагы элчи Апас Жумагулов билдиргенге караганда, бул өлкөдөгү 15 участокто добуш берүүлөр уланууда. Элчинин айтымында, айрым участоктордо узун кезектерде туруп, шайлоочулар активдүү катышышты. Тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын пикиринде, четте жүргөн атуулдарды добуш бердиртүүдө кыргыз бийлиги чоң эмгек жасады. Министрдин айтымында, кыргызстандыктар жашаган шаарынан шайлоо участкасына жетүү жагынан кыйналып жатышат. Мисалы, Германиядагы элчи билдиргенге караганда, Берлиндеги добуш берүү участкасына башка шаарлардан келиш үчүн 200-300 евродон кем эмес каражат керек. Москвадагы элчи Апас Жумагулов билдиргенге караганда, Орусиянын булуң-бурчундагы кыргыздарды жолдун алыстыгы кыйнады. БШК билдиргенге караганда, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар дүйнөнүн булуң-бурчундагы 40 шайлоо участогунда добуш беришти.

XS
SM
MD
LG