Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Аскар Акаев добуш берген жок


БИШКЕК. Москвада жашап жаткан экс-президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү шайлоочулардын тизмесине киргизилбей калгандыктан добуш бере алышпайт. Экс-президенттин адвокаты Максим Максимовичтин айтымында, Кыргызстандын элчилиги Акаевди жана бала-чакасын шайлоочулардын тизмесине кошпой койгондугун Аскар Акаев кемсинтүү катары санайт жана добуш берүүгө барбайт. Муну экс-президенттин кызы Бермет Акаева да 10-июлда тастыктады. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги экс-президенттин дооматтары менен макул эмес. Орусиядагы элчи Апас Жумагулов “Азаттыкка” билдиргенге караганда, шайлоочуларга чакыруу таратылган жок. Добуш берүүнү каалагандар өздөрү келип каттоодон өтүштү, ал эми каттала албай калгандары шайлоо күнү кошумча тизме аркылуу добуш берүү укугуна ээ. Апас Жумагуловдун айтымында, Аскар Акаев өзү же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири элчиликке же шайлоо участкасына бул маселе боюнча кайрылган эмес. Экс-президенттин кызы Бермет Акаева Бишкектеги Шубин мектебиндеги шайлоо участкасына келип добуш берди. Журналисттерге ал “өлкөнүн талкаланышына жол бербей турган адамга добуш бердим” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG