Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:49

Бирмингемдин борборунан жардыруучу заттар табылган жок


Британиянын экинчи ири шаары –Бирмингемдин өткөн түнү 20 миңдей адам эвакуацияланган борбордук бөлүгүнөн жардыруучу заттар табылбаганын бүгүн шаардык полициянын башчысы Пол-Скотт Ли билдирди. Бирок анын айтымында, эвакуция ишенимдүү маалыматтардан улам жүргүзүлгөн эле. Мунун аралыгында Лондондо адистер өткөн бейшемби күнү, 7- июлда жардыруулар болгон метро станцияларынын биринде жер алдындагы жолдон тыгылып калган поездден адамдардын сөөгүн алып чыгуу аракетин улантууда. Андагы жарылуулардан кеминде 50 адамдын өмүр кыйылган. Британ полициясы бүгүн ошондой эле дүйшөмбү күнгө карата Лондондун транспорттук системасы толук калыбына келтирилерин маалымдады.

XS
SM
MD
LG