Шанхай кызматташтык уюмунун Борбор Азиядагы америкалык базаларды чыгарып кетүү жөнүндөгү чакырыгын бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс четке какты. Пекинде кабарчылар менен болгон маегинде Райс Ооганстандагы кырдаалга токтолуп, бул өлкө али да АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жардамына муктаж экенин белгиледи. Борбор Азиядагы аскерий базаларды чыгаруунун мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү чакырык АКШнын дарегине Шанхай кызматташтык уюмунун апта башында Астанадагы саммити кабыл алган декларацияда айтылган эле.
АКШнын Мамлекеттик катчысы бүгүн Пекинде Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао жана башка жетекчилер менен сүйлөшүү өткөрдү. Райстын Пекиндеги иш сапарын башкы максаты – Түндүк Кореяны өзөктүк курал программасынан баш тарттырууга ынандыруунун жолдорун талкуулоо эле. Кондолиза Райс Пхеньяндын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайтары жөнүндөгү билдирүүсүн кубаттап, буларды белгиледи:
-Маселе эми Түндүк Кореяда калды, ал өзөктүк курал жасоодон баш тартуу жөнүндөгү стратегиялык чечимге баруусу керек. Түндүк Корея өткөн түнкү билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдүн максаты – Корей жарым аралын өзөктүк куралсыз аймакка айландырууга жетишүү экенин ырастады. Келгиле ушуга жетели, анан андан ары эмне болорун көрөбүз. Бирок Пхеньяндын өзөктүк программасы жөнүндөгү маселени чечүү абзел.