Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Аскар Акаевдин Феликс Кулов тууралуу пикири өзгөрдү


БИШКЕК. Феликс Кулов экономика жана коопсуздук жаатында чыгаан адис. Ошондой эле ал чарбалык иштерде да тажрыйбасы мол. Чүйдүн губернатору болуп иштеп турганда ийгиликтүү иш алып барган. Болочок өкмөт башчы Феликс Куловго мындай саясий бааны өлкөдөн качып кеткен президент Аскар Акаев «Коммерсант» гезитинин 10-июлдагы номурунда жарыялаган маегинде берген. Ошондой эле Аскар Акаев Бакиев-Кулов тандемин колдой тургандыгын жана алар келечекте өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылаарына ишене тургандыгын кошумчалаган.

Аскар Акаевдин мезгилинде Феликс Кулов мамлекеттик коррупцияга катышы бар деп айыпталып бир нече жылга түрмөгө камалган. Ал мезгилде Аскар Акаев Феликс Кулов жогорку кызматтарда иштеп жүргөндө ири коррупциялык иштери үчүн камалгандыгын бир нече курдай коомчулукка айтып, анын боштондукка чыгуусуна уруксат бербей келген.

XS
SM
MD
LG