Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Курманбек Бакиев президенттик антын бир ай аралыгында бериши күтүлүүдө


БИШКЕК. Президенттик шайлоодо 89 пайыз добуш топтогон Курманбек Бакиев президенттик антын август айынын башында бериши ыктымал. Анткени, Кыргызстандын Баш мыйзамынын 45-беренесине ылайык Конституциялык сот президенттик шайлоо бүткөндөн кийин бир аптанын ичинде шайлоо жыйынтыгына өз корутундусун берет. Анын негизинде жаңы шайланган мамлекет башчы 30 күн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда президенттик антын бериши керек. Бул анын расмий түрдө ишке киришин кепилдейт. Бул тууралуу 11-июлда Конституциялык соттун өкүлү Мухтарбек Алымкулов билдирди. Шайлоо кодексине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык сотко добуш берүүнүн жыйынтыгын шайлоо бүткөндөн кийин 5 күндөн кем эмес мөөнөттө чыгарып, сунушташы керек. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, парламент жаңы шайланган президенттин антын алууга даяр жана бул иш чаранын чукул арада өтүп, жаңы президенттин ишке киришүүсүнө кызыкдар.

XS
SM
MD
LG