БИШКЕК. Кыргызстандын жаңы шайланган президентин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев алгачкылардан болуп куттуктады. Курманбек Бакиевди ошондой эле экс-президент Аскар Акаев куттуктагандыгы тууралуу «АКИ-пресс» агенттиги жазды. Агенттик экс-президенттин адвокаты Максим Максимовичке шилтеме берди. Бирок мындай маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктаган жок. Экс-президенттин кызы Бермет Акаева 10-июлда журналисттерге берген интервьюсунда Аскар Акаев добуш берүүгө катышпагандыгын, буга чакыруу кагаздын барбай калгандыгын билдирген. Тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын билдиргенине караганда, Акаев консулдук каттоого турган эмес.