Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:55

Босниянын Сребреница шаарында мусулмандарды кызыл уук кыргынга салган окуянын он жылдыгына арналган азалуу митинг болду


Ага элүү миңге чукул адам катышты, алардын ичинде ООНдун, Евросоюздун өкүлдөрү, АКШнын мурдагы элчиси, Дейтондогу тынчтык келишиминин негизги архитекторлорунун бири Ричард Холбрук, Босниянын үч президенти жана башкалар болду. Сребреницага Сербиянын президенти да келди. 1995-жылы июлда ООНдун коопсуздук зонасы деп саналган Сребреницаны босниялык сербдердин аскерлери басып алып, баш-аягы сегиз миңдей мусулманды, болгондо да жалаң эркектер менен өспүрүмдөрдү боо түшүрүп атып салышкан.

XS
SM
MD
LG