Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Жалалабатта президенттик шайлоонун толук жыйынтыгы чыкты


ЖАЛАЛАБАТ. 10-июлдагы президенттик шайлоодо тизмеге киргизилген 467040 шайлоочунун 89,17 пайызы, же 416472 киши добуш беришти. Шайлоочулардын активдүүлүгү Жалалабат шаарында жогору болуп, добуш берүүгө 98,28 пайыз адам катышты. Аксы, Сузак, Чаткал, Тогузторо райондорунда катышуу 90 пайыздан өйдө болду. Курманбек Бакиев үчүн шайлоочулардын 95,45 пайызы, же 397541 адам добуш берген. Экинчи орунга 2,56 пайыз добуш жыйнаган Турсунбай Бакир уулу чыкты. Акбаралы Айтикеев шайлоочулардын 0,98 пайыз добушуна татыктуу болду. Токтайым Үмөталиева шайлоочулардын 0,10 пайыз добушун алган. Жыпар Жекшеев 0,11, Кеңешбек Дүйшөбаев шайлоочулардын 0,05 добушун жыйнаган. 387 шайлоочу баарына каршы болгон.

XS
SM
MD
LG