Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

«Хизб-ут-Тахрирдин» коркунучу күчпү?


БИШКЕК. Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-тахрир» уюмунун баракчаларын таркатуу өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мына ушундай бүтүмгө келип, азыр уюмдун өкүлдөрү тараткан баракчаларды изилдөөчү эксперттик топ түзүлдү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өскөн Осмоновдун айтымында, эксперттик топ баракчаларда жазылган сөздөрдүн маанисин иликтеп, соттук териштирүү үчүн бүтүм даярдап берет. Эксперттик топко өлкө мусулмандарынын диний башкармалыгынын, дин комиссиясынын өкүлдөрү кирип, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлигинин адистери менен кызматташууда. Расмий маалыматтар боюнча «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун өлкөдө эки жарым миңден ашык мүчөсү бар. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча, саны андан көбүрөөк.

XS
SM
MD
LG