Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:34

«Мунапыс» мыйзамы талаштын чордону болууда


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш ушул жылдын 28-июнунда кабыл алган «Мунапыс» жөнүндөгү мыйзам мазмуну боюнча 2004-жылдын 10-апрелинде, Конституциянын 10 жылдыгы жана мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгына арналып, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровдун демилгеси менен кабыл алынган «Мунапыс» жөнүндөгү мыйзамдан айырмаланбайт. Мындай билдирүүнү 12-июлда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун мыйзамга каршы кол коюу өтүнүчү менен президентке кайрылаарына байланыштуу таратты. Басма сөз кызматы андан тышкары мыйзамды талкуулоого катышкан президенттин, Башкы прокурордун атайын өкүлдөрү эч кандай каршылык билдиришпегендигин белгилеп, төрага Өмүрбек Текебаевдин 17 беренеге кошумча киргизүү сунушу эске алынбагандыгын билдирди. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров «Мунапыс» жөнүндөгү мыйзам күчүнө кире турган болсо мурунку бийликтеги коррупционерлерди жоопко тартууга жолтоо болорун билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG