Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

АКШ элчилиги президенттик шайлоонун жыйынтыгына ыраазы


БИШКЕК. 10-июлдагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев жеңишке жетти деген кабарды АКШнын Кыргызстандагы элчилиги канааттануу менен кабыл алды. Мындай билдирүүнү элчилик 12-июлда таратып, Курманбек Бакиевди жана өлкө элин куттуктады. Андан тышкары мыйзамдуу президенттин шайланышы узак мөөнөттүү бейпилдикке жол ачаарын жана Кыргызстандын элинин демократиялык өнүгүүлөргө ынтаалуу экендигин айгинелээрин билдирди. Ошондой эле ЕККУнун талаптарына негизделген шайлоо системасын реформалоону колдоого даяр экендигин билдирип, эми Кыргызстандын алдында конституциялык реформаны жүргүзүү милдети тургандыгын жана анда да кызматташууга ниеттенип жаткандыгын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG