Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Курманбек Бакиевге куттуктоолор түшүүдө


БИШКЕК. 10-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо женишке жетиши менен Курманбек Бакиевди Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктап, Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин мындан ары ылдамдап өнүгөөрүнө ишенээрин билдирген. Курманбек Бакиевди ошондой АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кейси куттуктап, 10-июлдагы шайлоо Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында демократия боюнча алган милдеттенмелерин аткарууда алга жылыш болгонун белгилеген. Жаңы шайланган президентти Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев да парламент жана өз атынан куттуктады. «Марттагы тарыхый окуялардан кийин эл жакшы жылыштарды күтүп жатат. Сиз, мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп топтогон бай тажрыйбаңызды элдин турмушун көтөрүү, өлкөнүн өнүгүшү жана демократияны тереңдетүү үчүн жумшаарыңызга ишенем» деп белгилеген Өмүрбек Текебаев Курманбек Бакиевди куттуктоосунда.

XS
SM
MD
LG