Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:22

Бейрут шаарында Ливандын коргоо министрине кол салынды


Бейрут шаарынын христиандар жашаган аймагында бүгүн эртең менен бомба жарылып, Ливандын коргоо министри Элиас Ал-Мурр жараат алды. Бир адам курман болуп, бир нече киши жапа чеккен. Министр - өлкө президенти Эмиле Лахуддун күйө баласы жана эки саясатчы тең кошуна Сирияга ыкташ саясат жүргүзөт. Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Бейрутта мурдагы премьер-министр Рафик ал-Харири өлтүрүлгөндөн кийин өлкөдө элдик толкундоолор башталган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG