АКШнын Канаверал деген тумшугунан бүгүн кечинде “Дискавери” космос чөлмөгү учурулат. Азыр ага соңку даярдыктар жүрүп жатат. 2003-жылдын 1-февралында америкалык “Колумбия” деп аталган космостук чөлмөк жерге коно албай, андагы жети астронавт набыт болгон. Ошондон бери америкалык астронавттар космоско жиберилген эмес.
Бүгүн космоско көтөрүлчү “Дискавери” чөлмөгүндө жети адам болот. Алар жаңы техниканын ишин сынап көрүшмөкчү.
Таңкы дүйнөлүк кабарларды Төрөкул Дооров даярдады.
Бүгүн космоско көтөрүлчү “Дискавери” чөлмөгүндө жети адам болот. Алар жаңы техниканын ишин сынап көрүшмөкчү.
Таңкы дүйнөлүк кабарларды Төрөкул Дооров даярдады.