Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Назарбек Нышанов оппозицияга чыкты


БИШКЕК. Азыркы бийликке оппозицияга чыктым, деп билдирди Кыргызстан патриоттук партиясынын баш катчысы Назарбек Нышанов 13-июлда “Азаттыкка” . “Мындай кадамга барышыма азыркы бийликтин Конституцияга каршы аракеттер менен Ак үйдү басып алганы аз келгенсип, 10-июлдагы президенттик шайлоодо жасалма жол менен 90 пайызга жакын добуш топтоп алышы себеп болду”, - дейт Нышанов. Ал азыркы сот бийлигине да ишеним жоктугун билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы мурдакы төрага Сулайман Иманбаевдин убагындагыдан да ашкере иштерге барып, Шайлоо кодексин бузду.
“Кыргызстандагы системаны түп тамырынан бери өзгөртүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө, кадр саясатын жаңылоого, Кыргызстанда адилеттүү бийлик орношуна, элди бузган бийликтен ажыраш үчүн үн кошууга чакырам”-деди Кыргызстан патриоттук партиясынын баш катчысы Назарбек Нышанов.

XS
SM
MD
LG