Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Парламентти таратуу боюнча 300 миң добуш чогултуу демилгесин «Асаба» партиясы да колдойт


БИШКЕК. «Асаба» кайра жаралуу партиясы азыркы Жогорку Кеңешти таратуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу 13-июлда аталган партиядан «Азаттыкка» билдиришти. Алардын пикиринде, марттагы ыңклапка чыккан эл Аскар Акаевди кызматынан кетирүү жана жаңыдан шайланган парламентти таратуу талаптарын койгон. Партиянын өкүлдөрү билдиришкендей, Жогорку Кеңештеги депутаттардын басымдуу бөлүгү мыйзам бузуу жолу менен добуштарды сатып алып, мандатка ээ болушту. Ал эми буга чейин «Эркиндик» партиясы Жогорку Кеңешти таратуу үчүн жакын арада шайлоочулардын 300 миң колун топтоого кирише тургандыгы жөнүндө билдирген.

XS
SM
MD
LG