Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

АКШнын президенти Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн колдойт


БИШКЕК. Дүйшөмбүдө Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Замира Сыдыкова АКШнын президенти Жорж Бушка ишеним грамотасын тапшырды. Буга байланыштуу Жорж Буш “Кыргыз Республикасы келечекте чынында эле калыс демократиялык коом болуп, адам укугун сыйлаган, эл өз өкмөтүнө ишенген мамлекет болушуна карата сиздин көз карашыңызды тең бөлүшөм. Кыргызстанда бардыгы үчүн бирдей демокаратиялык жана эркин коомдун экономикалык өнүгүшү үчүн Кошмо Штаттары баардык аракеттерин жасайт”,-деп билдирген. Ал ошондой эле терроризмге каршы күрөшүүдө, аймакта тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылууда Кыргызстанды жакын өнөктөшү катарында баалап, АКШ өкмөтүнүн атынан ыраазылык билдирип, келечекте да АКШ менен кызматташтыгын улантаарына үмүттөнөөрүн белгилеген. Ал Өзбекстандын бозгундарына байланыштуу кыргыз мамлекетинин эл аралык келишимдерге ылайык позициясын колдоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG