Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Шайлоочулардын саны 2 млн. 600 миңден көп


БИШКЕК. Кыргызстанда шайлоочулардын саны расмий айтылып келгендей, 2 млн 558 миң эмес, андан бери дегенде 500 миңден 700 миңге чейин көп. Мындай пикирин 13-июлда «Азаттыкка» «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов билдирди. Ал белгилегендей, соңку жылдары Кыргызстандын алкагында ички миграция жараяндары күчөп кеткендиктен, жүздөгөн атуулдар каттоосуз жүрүшөт. Ошондуктан бул маселе келээрки шайлоолорго чейин такталып, шайлоочулардын тизмелерине тактоолор киргизилиши керек. Азыркы бийликтин айрым өкүлдөрү да иш жүзүндө шайлоочулардын саны жогору деген пикирде.

XS
SM
MD
LG