Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Орусиянын Федерация кеңеши өлкөнүн шайлоо мыйзамына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жактырды


Президент Владимир Путин былтыр Бесландагы барымта кризисинен кийин сунуш кылган өзгөртүүлөр партиялар парламентке кирүүсү үчүн талап кылынган добуштардын чегин 5 пайыздан 7 пайызга жогорулатууну, шайлоо блокторун түзүүгө тыюу салууну карайт. Жаңы мыйзамга ылайык, Мамлекеттик думага шайлоо партиялык тизме боюнча гана өткөрүлөт. Документ ошондой эле расмий өкүлдөргө чет өлкөлүк байкоочулардын шайлоого катышуусуна тыюу салууга да уруксат берет. Мыйзамга каршы болгондор аны Кремлдин өлкө саясатындагы үстөмдүгүн күчөтөт деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG